“Ата-Журт” партиясы “Мекеним Кыргызстандын” катарын толуктады. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстандын” штабынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Ата-Журт” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын лидерлери Акматбек Келдибеков жана Мирлан Бакировдор алдыдагы шайлоого бирге аттануу боюнча меморандумга кол коюшту. Келишимде эки партиянын саясий ресурстарын бириктирүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу айтылат.
“Бул биздин партияларыбыздын тарыхындагы маанилүү окуя. Биздин максатыбыз да, көз карашыбыз да окшош. Бул союз чыныгы өзгөрүүлөргө түртүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп умүттөнөм”, — деген пикирин айткан Мирлан Бакиров меморандумга кол коюу учурунда.