Президент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды

Президент Садыр Жапаров бир катар коомдук жана маданий ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарган жарлыкка кол койду. Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн тапшырылды.
Жарлыкка ылайык, төмөнкү жарандар сыйланды:
«Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы:
- Рысбай Абдыкадыров — обончу, аткаруучу (каза болгондон кийин);
- Муратбек Бегалиев — композитор, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору;
- Бектур Исаков — Нанаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Сүйүнбек Касмамбетов — Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Дүйшө Кудаяров — И. Ахунбаев атындагы КММАнын кафедра башчысы.
III даражадагы «Манас» ордени:
- Муса Бажаев — «Группа Альянс» ААКнын президенти (Россия);
- Медетбек Букуев — «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Сейтхан Джошибаев — кардиохирург, Кардиохирургия жана трансплантология борборунун директору (Казакстан);
- Тилектеш Ишемкулов — БМУнун кафедра профессорунун милдетин аткаруучу;
- Кемелбек Киязов — милициянын отставкадагы генерал-майору;
- Камчибек Узакбаев — КММАнын педиатрия кафедрасынын профессору;
- Алмамбет Шыкмаматов — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
«Эрдик» ордени:
- Максатбек Бусурманкулов — ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматынын башчысы;
- Аскарбек Казыбеков — ӨКМдин Суучулдар кызматынын бекет башчысы (каза болгондон кийин).
«Даңк» ордени:
Какиш Боронбаева, Эльчибек Джантаев, Абдилашим Исраилов, Кайыпбек Кадыралиев, Кубанычбек Кантороев, Гүлбүбү Курманбекова.
«Достук» ордени:
Ахмаджон Мелибоев — Өзбекстан Республикасынын маданий ишмери, жазуучу.
«Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамы:
- Таштанбек Акматов — мамлекеттик ишмер, айыл чарба ардагери;
- Асель Сартбаева — «Энсилитек» биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бата университетинин химия профессору (Улуу Британия).
«Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы:
- Анатай Өмүрканов — акын;
- Саламат Садыкова — Т. Сатылганов атындагы филармониянын солисти.
Элдик ардак наамдар:
- Эл мугалими: Акматали Алимбеков;
- Эл врачы: Чынара Ажибеделова, Мамытбек Акылбеков;
- Эл артисти: Уланмырза Карыпбаев, Боромбай Кулахматов, Темирлан Сманбеков, Болот Тентимышов, Самидахан Халматова;
- Эл жазуучусу: Жеңишгүл Өзбекова;
- Эл акыны: Атантай Акбаров;
- Эл сүрөтчүсү: Сатар Айтиев.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо, билим берүү, курулуш, мамлекеттик кызмат, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын 30дан ашуун кызматкери менен ардагери «Ардак» медалы менен сыйланды. Сыйлангандардын толук тизмесин бул шилтемеден көрүүгө болот.