Акматова: Аймактардагы блокпосттордо медиктер жетишсиз болууда

Акматова: Аймактардагы блокпосттордо медиктер жетишсиз болууда

Бүгүн, 25-март саат 15.00гө белгиленген Кыргызстандын аймагында коронавирустан сактануунун жолдору жана акыркы катталган жаңы учурлар боюнча онлайн маалымат жыйыны болуп өттү. Анда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Reporter.kg маалымат агенттигинин журналисти төмөндөгүдөй собол салды.

Ар бир аймакка коюлуп жаткан блокпосттордо күзөттө турган милиция жана ӨКМдин кызматкерлерине беткапттар жеткирилип берилип жатабы? Анткени жүргүнчүлөр посттордо турган кызматкерлердин беткапттары кир бойдон элди текшерип жатканын айтып кайрылышууда. Медкызматкерлер да жок экенине нааразы болушууда?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Акматова: Күзөттө тургандарга беткаптар тез-тез жеткирилип берилбей жатканын мойнубузга алабыз. Учурда бул маселе дагы жолго коюлуп жатат. Медицицина кызматкерлери ар бир постко койгонго жетишсиз болууда. Жетишпеген аймактарга медкызматкерлер окуутуудан өткөрүлүп, даярдалып жатат.

Ысык-Көл облусунда сактануучу каражаттар беткап, антисепттик, медициналык марли бир дагы дарыканада жок болуп жатыптыр. Аталган облуска мындай каражаттар качан жеткирилет?

Акматова: Бир дагы дарыканада жок болушу мүмкүн эмес. Түштөн кийин жок болуп калып жатса керек. Бирок беткаптардын тартыштыгы жаралууда. Ысык-Көл облусу боюнча дагы маалымат тактап, сактануучу каражаттар жеткирилет.

Бүгүн Кыргызстандын аймагында вирусту жуктуруп алган 2 жаңы учур катталды. Жалпы коронавирус жуктургандар 44 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>