АКШ, Канада, Европа өлкөлөрүнүн элчилери «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады

АКШ, Канада, Европа өлкөлөрүнүн элчилери «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады

Канаданын, Франциянын, Германиянын, АКШнын жана Уулу Британиянын Кыргызстандагы  элчиликтери “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышы боюнча билдирүү жасашты.

Алар тынчсыздануу билдирип, мыйзам долбоордун жоболору бейөкмөт уюмдардын эркин иш алып баруусуна коркунуч туудурарын айтат.

“Мыйзамга азыркы түрдө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу манилүү кызматтарга таянган калктын аярлуу катмарына зыян келтирилиши мүмкүн”, — дейт алар.

Элчиликтер Садыр Жапаровдон мыйзам долбоорун артка кайтарууну, Жогорку Кеңештен аны кайра иштеп чыгууну суранышат.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору бүгүн үч окууда кабыл алынды.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>