Ысык-Көлдө өспүрүм кыздарды сөгүп, кубалаган эки кишинин иши сотко өттү

Ысык-Көлдө өспүрүм кыздарды сөгүп, кубалаган эки кишинин иши сотко өттү

Ысык-Көлдүн Түп айылында мас абалда өспүрүм кыздарды сөгүп, кубалаган эки адамдын иши сотко өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

“Майда бейбаштык” беренеи менен катталган иш сотко өттү. Шектүүлөргө 5,5 миң сомдук айып салынышы мүмкүн”, — деди маалымат катчы.

Буга чейин, 15-июлда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө арыз менен Михаиловка айылынын тургуну кайрылган. Арызда, ушул эле күнү саат 17:00 чамасында 15 жаштагы кызын жана анын эки курбусун Түп айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан “Солкулдак” көпүрөсүндөгү сууга түшкөнү бара жаткан учурда, мас абалдагы эки адам эч себепсиз оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кубалаганы жазылган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, алар Түп айылынын 1981-жылы туулган К. М. жана 1991-жылы туулган С. Ж. аттуу жарандар экени аныкталган. Сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн мойнуна алып, окуя спирт ичимдиктин айынан болгонун билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>