АКШ сооданы чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр

АКШ сооданы чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.  Бул тууралуу Министрлек кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы соода диалогун мындан ары чыңдоо боюнча чаралар талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында АКШга жумушчу сапарынын жүрүшүндө америкалык бизнес өкүлдөрүнө Кыргызстанга таанышуу сапары менен келүүнү сунуштаган.

Акылбек Жапаров башчысы бул миссиянын жүрүшүндө америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү изилдөөгө жана биздин өлкөнүн ишкер чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деген ишенимин билдирди.

«Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда Министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү», — деп белгиледи Акылбек Жапаров жана президент «Креативдик индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол коюп, биздин республика мындай документти кабыл алган дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калгандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү уюмду түзүүнүн негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат деп белгилешти.

«Америка-Кыргыз ишкер кеңешинин курамындагы өкүлдөр – Кыргыз Республикасынын шериктери. Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярбыз», — деп жыйынтыктады Америка-Кыргыз ишкер кеңешинин төрагасы Филип де Леон.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>