Байсалов индиялык студенттерди Дивали майрамы менен куттуктады

Байсалов индиялык студенттерди Дивали майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн Дивали майрамында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргызстанда өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору баалай турганыбызды билишин каалайбыз. Дивали майрамы жамандыкты жакшылык жеңген күндү билдирет. Бул күнү шамдар жана чырактар жагылат. Келгиле, бул күнү билим алуу үчүн биздин университеттерди тандап алган индиялык жаштар менен жакындан таанышып, достук мамилебизди чыңдайлы», — деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн соң Индиянын жарык оттор майрамына арналган концерт өттү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>