АКШда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү 4-июлда мекенине жөнөтүлөт

АКШда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү 4-июлда мекенине жөнөтүлөт

АКШда жол кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгүн 4-июлда жакын туугандарынын коштоосунда мекенине жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

“Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда. Бул маселе министрликтин жеке көзөмөлүндө турат”,  — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин АКШда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык блогер Элнура Молдокадырова жол кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы Б.С. аттуу кыргызстандык жаран каза болгонун билдирген. Ал трак айдоочу болуп иштечү. Кырсык Филадельфия штатында катталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>