Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
АКШда жол кырсыгында каза болгон жигиттердин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди
11.03.2024 | 14:34
АКШда жол кырсыгында каза болгон жигиттердин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, “Жүк 200” 8-март күнү “Манас” эл аралык аэропортуна келип түшкөн.
Эскерте кетсек, АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында 3-март күнү 2002-жылы туулган Актилек Бактыбеков жана 2003-жылы туулган Төлөбек Эсенбеков жол кырсыгында каза болду. Алардын унаасы бузулуп, жол четинде турган кезде мас абалында рулду башкарып бара жаткан айдоочу артынан сүзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом