Мурдагы депутат Өмүрбек Бакиров 200 миң сом айыпка жыгылды

Мурдагы депутат Өмүрбек Бакиров 200 миң сом айыпка жыгылды

Ош облустук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга күнөөлүү деп тапты. ул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттун маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Ноокат райондук соту Бакировду 2021-жылдагы шайлоодо добуш сатып алган деп 200 миң сом айыппул салган. 7-мартта апелляциялык арыз облустук сотто каралып, мурдагы чечим өзгөртүүсүз калтырылган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Оштун Көк-Жар шайлоо аймагы боюнча ат салышып, утуп чыккан. Экинчи орунду алган Равшанбек Рысбаев аны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Бирок анда бул маселе Бакировдун пайдасына чечилген.

Бирок 2022-жылы декабрь айында Рысбаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген жүйө менен Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бардык инстанция анын арызын канааттандырып, Бакировдун мандаты алынып, 2023-жылы сентябрда анын ордуна Жогорку Кеңешке Рысбаев депутат болуп келген.

Ошол эле учурда Бакировго добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>