Жалал-Абадда Наргиза Абдалиева жана анын үч баласы дайынсыз болууда

Жалал-Абадда Наргиза Абдалиева жана анын үч баласы дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 36 жаштагы Наргиза Абдалиева жана анын үч баласы дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаңы-Акман айылынын 36 жаштагы тургуну Наргиза Абдалиева 28-февралда 11 жана 7 жаштагы кыздары, 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Наргиза Абдалиева жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аларды табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык чырай

Кийген кийимдери: ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим

Милиция Наргиза Абдалиева жана анын балдарын көргөндөр болсо, 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>