Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулду көбөйтүү каралууда

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулду көбөйтүү каралууда

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Бүгүнкү күндө 20 адам жөлөк пул алып жатканы такталды. Ал айына 3 миң 700 сомду түзөт.

Башкармалык азык-түлүккө, эң керектүү товарларга, дары-дармектерге жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашына карабастан төлөмдөрдүн көлөмү өзгөрбөгөнүн эске салды. Жөлөк пулду 4 миң 500 сомго чейин көтөрүү пландалууда.

Аксыда 2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна   райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>