Алтынга тете күмүш! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалында жаракат алды (видео)

Алтынга тете күмүш! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалында жаракат алды (видео)

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Сербиядагы дүйнө биринчилигинин финалында оң бутунан жаракат алып, беттешти уланта албай калды.

Айпери Медет кызы алтын байге үчүн япониялык Юка Кагами менен беттешти. Кармаштын экинчи бөлүгүндө атаандашы бутуна өтүп, ыкма жасайын деп жатканда, Айпери Медет кызынын бутун кайрып алган. Калыс беттешке тыным берип, Айпери Медет кызына дарыгерлер келип, жардам көрсөттү. Айпери Медет кызынын жаракат алганын көргөн машыктыруучусу Нурбек Изабеков «баары жакшыбы, беттешти уланта албасаң, күрөшүүнүн кереги жок» деп айтты. Бирок жаракат алган буту ооруганына карабай Айпери Медет кызы беттешти улантты.

Кармаш япониялык спортчу Айпери Медет кызынын бутуна өтүп, ыкма жасайын деген жерден токтотулгандыктан, беттеш партерде улантылды (ошол учурда эсеп 0:4 болуп, Юка Кагаим алдыда болчу). Партерде япониялык спортчу дагы эки упай алып, упайынын санын 6га жеткирди.

Айпери Медет кызы жаракатына карабай алдыга чыккан атаандашын кууп жетүүгө бардык аракетин көрдү. Бирок Юка Кагами анын артына өтүп, дагы эки упай алды. Ошол учурда Айпери Медет кызы бутунун жаракатынан улам беттешти уланта албай калды. Жыйынтыгында жеңиш япониялык спортчуга ыйгарылып, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага Кыргызстан үчүн биринчи жолдомону алып берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>