УКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатҮч облустагы ветеринардык дарыканаларда дары-дармектерди сактоо эрежелери бузулганы аныкталдыКыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик тармагында кызматташат
Аксыда 12 жашар бала сууга агып кетти
23.07.2020 | 09:41
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 12 жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 2008-жылы туулган бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен.
Аны издөөгө 11 куткаруучу, 15 жергиликтүү тургундар тартылган.
Бирок издөө иштери натыйжа бербей, дале уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар