Армения ЕАЭБ, ЖККУ жана ЕБ ортосунда: Путин Бишкекте эмне деди

02.09.2026 | 11:49
Армения ЕАЭБ, ЖККУ жана ЕБ ортосунда: Путин Бишкекте эмне деди — Новости Кыргызстана

Орусиянын Президенти Владимир Путин Армения тышкы саясий жана экономикалык багытын өз алдынча аныктоого укуктуу экенин, бирок бир эле учурда Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жана Евробиримдикте (ЕБ) болуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкектеги ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында айтты.

Орусиялык лидердин айтымында, ЕБ тарапка багыт алуу — Армениянын суверендүү укугу. Ошону менен бирге ал Орусиянын армян эли менен болгон тарыхый мамилесин баса белгиледи.

«Эгерде сиздер ЕБ тарапка карай жылуу чечимин кабыл алсаңыздар, бул каалаган өлкөнүн суверендүү чечими. Бизди армян эли менен тарыхый достук байланыштар, ал тургай достуктан да жогору мамилелер бириктирип турат», — деди Путин.

Ошол эле учурда Орусиянын Президенти эрежелердеги жана стандарттардагы айырмачылыктардан улам бир эле учурда эки интеграциялык бирикмеге мүчө болуу мүмкүн эмес экенин билдирди.

«Бир эле учурда бир жана экинчи уюмда болуу жөн эле мүмкүн эмес. Бул жөн гана мүмкүн эмес. Бизде фитосанитардык нормалар ар башка, техникалык стандарттар ар башка. Жалпысынан бизде шайкеш келбеген нерселер абдан көп, жок дегенде бүгүнкү күндө ушундай», — деп белгиледи ал.

Путин Армения бийлиги ЕАЭБден чыгуу ниети жок экенин билдиргенин, бирок өлкөдө Евробиримдикке кирүү процессин баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганын эске салды. Орусиянын президентинин пикири боюнча, мындай кадам иш жүзүндө Еревандын келечекте евразиялык бирикмеден чыгуу ниетин билдирет.

Путин — ЕАЭБдин Армения үчүн артыкчылыктары тууралуу

Орусиялык лидер ЕАЭБге катышуу Арменияга бир катар экономикалык артыкчылыктарды, анын ичинде рынокко чыгууну жана энергетика чөйрөсүндөгү жеңилдетилген шарттарды берерин белгиледи. Ал мисал катары энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасын келтирип, Армения үчүн баалар менен Европа рыногундагы баалардын ортосунда олуттуу айырма бар экенин айтты.

«Евразия алкагындагы иште армяндар, албетте, абдан чоң преференцияларды алышууда. Мен азыр атүгүл энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасы тууралуу айткан жокмун», — деди Путин.

Анын айтымында, Москва Еревандан андан ары максаттары жана артыкчылыктары боюнча так түшүнүк алгысы келет.

«Өздөрү эмнени каалап жатышканын, максаттары кандай экенин ачык эле айтышсын», — деди Орусиянын Президенти.

Ошону менен бирге тараптар кырдаалды тынч режимде талкуулоону улантууну жана айрым багыттар боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңири талдоону макулдашканын айтты. Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды эки өлкөнүн адистеринин катышуусунда сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Москвага чакырганын билдирди.

Темир жол жана орусиялык инвестициялар

Орусиянын Президенти Армениянын темир жол инфраструктурасы маселесине өзүнчө токтолду. Анын айтымында, темир жолды өнүктүрүүгө жумшалган орусиялык инвестициялардын көлөмү түздөн-түз жүк ташуу келечегинен көз каранды.

Путин чек аралар ачылып, жаңы транспорттук каттамдар, анын ичинде Түркия багытында каттамдар пайда болгондон кийин кырдаал өзгөрүшү мүмкүн экенин четке каккан жок.

«Эгерде жүк агымы пайда болсо, анда бул инвестицияларды каалаган тарап жасай алат. Орусия да жасай алат. Маселе долбоордун экономикалык же экономикалык эмес экендигинде», — деп белгиледи ал.

«Эгерде орусиялык база керек болбосо, биз эртең эле кетебиз»

Путин ошондой эле Армениядагы орусиялык аскердик базанын келечеги тууралуу комментарий берди. Ал Москва Ереванга өзүнүн аскердик катышуусун таңуулоо ниети жок экенин жана армян тараптын позициясын эске алууга даяр экенин баса белгиледи.

«Эгерде Армения орусиялык база Арменияга керек эмес деп эсептесе, биз эртең эле кетебиз. Эгерде Армения буга даяр болсо — мархамат. Биз эч кимге эч нерсе таңуулабайбыз», — деди Орусиянын Президенти.

Ошону менен бирге, эгер армян тарап орусиялык аскердик катышууну сактап калууга кызыкдар болсо, Москва кызматташтыкты улантууга даяр экенин кошумчалады.

Путин — Армения жана ЖККУ тууралуу

Дагы бир тема Армениянын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) катышуусунун тегерегиндеги кырдаал болду. Путин ЖККУ армян-азербайжан чек арасынын айрым тилкелериндеги кырдаалга реакция кылышы керекпи же жокпу деген пикир келишпестиктерди эске салды.

Анын айтымында, Ереван уюм чек аранын белгилүү бир тилкелеринин корголушун камсыз кылышы керек деп эсептеген, ал эми ЖККУнун башка катышуучулары чек араны делимитациялоо иштери аягына чыга электигин айтышкан.

«Чек араны делимитациялоо жок да, чек ара боюнча эч кандай келишим жок, ал болгон эмес. Азыр да жок. Азербайжан чек ара бул тилкеде өтөт деп эсептейт. Армения болсо бул жерде деп эсептейт. А келишим кана?» — деди Путин.

Орусиялык лидердин пикири боюнча, Армениянын ЕАЭБ, ЖККУ жана Орусия менен болгон мамилелерине байланыштуу маселелер деталдуу эксперттик талкууну талап кылат. Ал бул сүйлөшүүнү Пашинян менен Москвада улантууну көздөп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эгер өлкөнү ЖККУдан чыгарып салышса, ыраазы болорун билдирген.

«Эгерде уюм Армения Республикасын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунан чыгарууну чечсе, мен абдан ыраазы болом. Жок дегенде бул бизди уюмдан чыгуу же чыкпоо дилеммасынан (эки анжы абалдан) арылтат», — деди Пашинян.

Ал кошумчалагандай, Еревандын жакынкы беш жылда ЖККУга толук кандуу катышууга кайтып баруу жана уюмдагы ишин активдештирүү боюнча планы жок.

Пашиняндын айтымында, Армения сырткы жардамсыз эле өз коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү болушу керек. Бул үчүн, анын пикиринде, өлкөгө күжүрмөн армия жана «легитимдүүлүккө, өз ара жоопкерчиликке, узак мөөнөттүү алдын ала болжолдоого негизделген тынчтык» зарыл.

Эскерте кетсек, 10-июнда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери мүчөлүк төгүмдөр (взнос) боюнча карызына байланыштуу Арменияны уюмдан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын билдирген. Анын айтымында, Ереван эки жылдан ашык убакыттан бери мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөй келет.

Кремлдин реакциясы

Пашиняндын билдирүүсүнө Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп кайтарды. Ал белгилегендей, эгерде Армения «аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындай маанилүү уюмга» мүчө болууну зарыл деп эсептебесе, анда ЖККУдан чыгууга укуктуу.

«Буга чейин биз армян тараптын өкүлдөрүнүн ар кандай деңгээлдеги билдирүүлөрүн угуп келдик, алар мүчөлүк тоңдурулганын, бирок Армения уюмдан чыгууну пландабай жатканын айтып келишкен», — деди Песков.

ЖККУда эмне дешет

15-августта ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков уюмга мүчө мамлекеттер Арменияны мурдагыдай эле союздаш деп эсептей турганын билдирди.

«Армения башынан эле активдүү жана гармониялуу мүчө-мамлекет болуп, жамааттык дараметти (потенциалды) бекемдөөгө татыктуу салым кошуп келген, ошондуктан ЖККУга мүчө мамлекеттер бул өлкөнү мурдагыдай эле уюм боюнча союздаш катары карашат», — деп белгиледи ал.

Масадыковдун айтымында, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилигинин өкүлдөрү Армениянын биргелешкен ишке толук кандуу катышуусун кайра жандандырууга тиешелүү бардык маселелерди Ереван менен талкуулоого даяр экенин бир нече жолу ырасташкан.

Августтун башында Орусиянын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев дагы уюмдун органдарында Арменияны добуш берүү укугунан ажыратуу үчүн консенсус (бирдиктүү пикир) талап кылынарын билдирген.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы 11-ноябрда Москвада өтөт. Васильевдин айтымында, өлкө лидерлери Армениянын айланасындагы кырдаалды талкуулашы ыктымал.

Эмне үчүн Арменияны чыгаруу маселеси жаралды

Армения 2024-жылы ЖККУга катышуусун тоңдурган.

ЖККУнун Уставынын 20-беренесине ылайык, эгерде мүчө мамлекет эки жылдын ичинде уюмдун бюджетинин алдындагы карызын төлөбөсө, Жамааттык коопсуздук кеңеши анын өз жарандарын квоталык кызматтарга көрсөтүү укугун токтото туруу, ошондой эле карыз толук төлөнмөйүнчө ЖККУнун органдарында добуш берүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Мындан тышкары, эгерде мүчө мамлекет Уставдын жоболорун жана ЖККУ органдарынын чечимдерин аткарбаса, Жамааттык коопсуздук кеңеши анын уюмдун органдарынын ишмердүүлүгүнө катышуусун токтотуп же ЖККУдан чыгара алат.

Бул маселелер боюнча чечимдер кайсы мамлекетке карата каралып жатса, ошол мамлекеттин добушун эсепке албастан кабыл алынат.

Анара Мамытова

Scroll to Top