Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Соодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттү
07.09.2026 | 16:45

Бүгүн, 7-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен Зимбабвенин Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин ортосунда алгачкы саясий консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, ал эми Зимбабве делегациясын туруктуу катчы Альберт Р. Чимбинди жетектеген.
Иш-чарада тараптар эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүнү жана саясий диалогду чыңдоону талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында төмөнкү багыттарга көңүл бурулган:
- соода-экономикалык кызматташтык;
- геология, туризм жана санариптештирүү тармактарында тажрыйба алмашуу;
- 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү алкагында өз ара аракеттенүү.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантуу жана макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кызыкдарлыгын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат