УКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалды

07.09.2026 | 17:16
УКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалды — Новости Кыргызстана

Ош бажысынын «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктунун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Атайын кызматтын маалыматында, бажы кызматкерлери тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алып, товарларга бажылык кароо жүргүзүшкөн эмес. Алар товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп жиберүүгө көмөктөшүп, бажы көзөмөлүнөн качууга шарт түзүшкөн.

Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Учурда кармалган кызматкерлер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.

Scroll to Top