УКМК: Кыргызстанда баңгизат жүгүрткөн эл аралык каналдар аныкталып, төрт адам кармалды

23.10.2026 | 10:40
УКМК: Кыргызстанда баңгизат жүгүрткөн эл аралык каналдар аныкталып, төрт адам кармалды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өлкө аймагында баңгизаттарды жүгүртүүгө шектелген бир нече эл аралык топтордун ишмердүүлүгү аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, Кыргызстандын аймагына Түштүк-Чыгыш Азиядан ири көлөмдөгү баңгизаттарды жеткирүүгө тиешеси бар эл аралык уюшкан топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлган.

Ошондой эле кыргызстандык жарандардан түзүлгөн жана өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип жүргөн топ аныкталган.

Мындан тышкары Кыргызстанда баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлган.

УКМК бул иштердин жыйынтыгында жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан баңгизаттар алынганын билдирди. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалып, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top