Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Актаудагы учак кырсыкта жабыркаган Кыргызстандын жаранын алып келүүгө учак даяр, – Алагөзов
28.12.2024 | 16:01
Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандар боюнча маалымат берген.
Алагөзовдун айтымында, жогорудагы кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу, дарыгерлер уруксат берсе эле учак менен алынып келет. Ошондуктан ал жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда.
Ал эми калган эки жарандын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.
https://reporter.kg/kazakstandagy-uchak-kyrsygynan-ych-kyrgyzstandyk-ten-aman-kaldy/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар