Активдерди легалдаштыруу мыйзамында коррупциялык тобокелдиктер көп — эксперт

Активдерди легалдаштыруу мыйзамында коррупциялык тобокелдиктер көп — эксперт

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда көптөгөн коррупциялык тобокелдиктер бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Коррупцияны жана кирешелерди адалдоо көйгөлөрүн изилдөө боюнча Борбор Азиядагы институттун жетекчиси Эркайым Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда эл аралык нормаларга каршы келген бир нече пункт бар. Андан тышкары мыйзам долбоор ушул редакцияда кабыл алынса, Кыргызстан Акчаны адалдаштырууга каршы каржылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (FATF) тизмесине кирип калышы мүмкүн.

«Бул мыйзам долбоору кызматтык, коррупциялык кылмыштар аркылуу табылган кирешелерди мыйзамдаштырат экен. Укук коргоо жана башка тиешелүү органдардын кирешелерди адалдаштырууга каршы күрөшүү максатында маалымат алмашуусу кандай болору түшүнүксүз же ал такыр мүмкүн болбой калат. Иш жүзүндө бул коррупцияга легитимдүүлүк берүүдө. Сиздер түшүнүп тургандай, ал эл аралык стандарттарга каршы келет», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>