13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
«Манас» эпосу аудиокитеп форматында чыгарыла баштады
24.09.2026 | 11:49

Манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу аудиокитеп форматында чыгарыла баштады. Долбоорду журналист Шайырбек Абдрахманов ишке ашырууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн министрлик тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн.
23-сентябрда аудиокитептин алгачкы бөлүгү жарыяланды. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот. Эпостун кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен чыгарылып турат.
Маданият министрлиги долбоордун максаты «Манас» эпосун аудиоформат аркылуу угуучуларга жеткирүү, Саякбай Каралаевдин вариантын жайылтуу жана улуттук мурасты таанытуу болуп саналарын билдирди.
Теги: Манас эпосу