Жарандык коом Аида Исмаиловага каршы кол чогултууда

Жарандык коом Аида Исмаиловага каршы кол чогултууда

Жарандык активисттер социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке сунушталган Аида Исмаилованын талапкерлигин кайрадан карап чыгууну талап кылышууда. Алар мындай демилге менен президент Сооронбай Жээнбеков жана жаңы бекитилген өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылышты. Анда төмөнкүлөр жазылган:

“Ал бийликтин ишенимин кетирип, жеке жарандык коомдун жана жарандардын ачуулануусун жана нааразычылыгын жаратып, элдин президенттин багытын колдой албай калышына чоң салым кошту. Эми бул Садыр Жапаровдун бийлигине шек келтирет.

Ал төрт ай иштеген учурунда пандемияга каршы күрөшүү үчүн секторду даярдаган жок. Ыктыярчылар гана адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калышты. Ал секторду даярдабагандыктан миңдеген жарандар каза болду, анысы аз келгенсип эң маанилүү учурда шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетти.

Аида Исмаилова саламаттыкты сактоо тутумун, социалдык секторду түшүнбөйт, жарандык коом жана донордук коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча конструктивдүү тажрыйбага ээ эмес. Бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамдын демилгечиси катары ал жарандык сектордун жана донордук коомчулуктун ишенимин жоготкон.

Ал өз кызматында, ыктыярчыларга, жарандык коомдун мүчөлөрүнө каршы интригаларды гана көтөрүп, алардын жардамына тоскоол болуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана дарыгерлердин ишине терс таасирин тийгизген.

Дарыгерлерге азыркы кезге чейин компенсация төлөнө элек, ал ыктыярчылардан жардам алып, дарылоо протоколун өзгөртүүгө тыюу салган.

Анын кызматка дайындалышы менен ал жана анын башкармалыгы пандемиянын экинчи толкуну менен социалдык сектордун чиришинен дагы көп курмандыктарга алып келет деп ишенебиз”.

Катка «Психикалык саламаттык» коомдук уюмунан Бурул Макенбаева, ыктыярчы, меценат Назира Бейшеналиева, медиа эксперт Гүлнура Төралиева, PF Prima уюмунан Виктория Юртаева, “Жарандык Демилгелер Альянсынан” Бакыт Сатыбеков, “Өнөктөштүк тармагынан” Айбар Султангазиев, «Республика» партиясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова жана “Биринчи балдар хосписинен” Динара Аляева кол койгон. Медиа эксперт Гүлнура Төралиеванын билдиришинче бул тизме дагы толукталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>