Акыйкатчы институтунун кызматкери Назаридин Бакиров каза болду

Акыйкатчы институтунун кызматкери Назаридин Бакиров каза болду

68 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Акыйкатчы институтунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Назаридин Бакиров каза болду.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Назаридин Бакиров өзүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги бөлүгүн адам укуктарын коргоого арнаган. Ал Акыйкатчы институту түзүлгөн күндөн тартып иштеп келген. Ага чейин ал өзүнүн эмгек жолун Ички иштер министрлигинин системасына арнаган.

«Ал кесипкөйлүгү, чынчылдыгы жана принциптерди кармангандыгы менен айырмаланган. Ал ар дайым өз ишине –жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого ак ниеттүү мамиле жасап келген. Бакиров мобилдик топтун жетекчиси, инспектор, андан кийин жетектөөчү адис кызматтарын аркалаган. 2012-жылы Өкмөт тарабынан түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын реабилитациялоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында курулган Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп иштеген. Кесиптешибиз Назаридин Бакировдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп белгилейт ведомстводон.

Reporter.kg’нын дагы эмгек жамааты Назаридин Бакировдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>