УКМК кармаган судья Адимов үй камагына чыгарылды

УКМК кармаган судья Адимов үй камагына чыгарылды

20-октябрда УКМК тарабынан пара алууга шектелип кармалып, 2 айга камакка алынган Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум 23-октябрда өтүп, УКМКнын тергөөчүсү судья Акылбек Адимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Тергөөчү сотко берген материалдарга ылайык Акылбек Адимов күнөөсүн мойнуна алып, тиешелүү макулдашууга кол коюп берген.

Сот материалдар менен таанышкандан кийин Адимовду үй камагына чыгарган. Ал 17-декабрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, быйыл 27-сентябрда УКМК тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова опузалап пара алууга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал ата-энесинин камкордугусуз калган өспүрүм балага карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун (Свердлов райондук соттун) өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн пара опузалап пара алган деп кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, териштирүү учурунда аталган иш алгач Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов тарабынан каралып, сот өспүрүмдү абактагы жазадан бошотуп, пробацияга чыгаруу үчүн пара алганы аныкталган. Ал параны жактоочунун (Ы.К.М.) ортомчулугу менен соттун катчысынын жана жардамчысынын көмөгү менен алган.

Жыйынтыгында шектүү катары Акылбек Адимов менен жактоочу Ы.К.М. кармалып, 20-октябрда камакка алынган.

УКМК райондук сот Адимовду кармады. Чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>