Ырчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы ыйгарылдыФиннадзор кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып берди
Токмокто адам өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы жаран кармалды
31.10.2023 | 15:17
Чүйдүн Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-октябрда Токмок шаарындагыц көчөлөрдүн бириндеги дүкөндүн аркасынан бычакталып киши колдуу болгон 42 жаштагы Ш.Б. аттуу жарандын сөөгү табылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 57 жаштагы У.А. аттуу жаран кармалган.
Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз