Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында дүйнө салды

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында дүйнө салды

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Шухрат Айтиев мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Ал бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон. Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда саат 13:30да Жалал-Абад шаарында болот.

Шухрат Айтиев акыйкатчынын орун басары болуп 2023-жылдын июнь айында дайындалган. Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчысы, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

Акайкатчы Жамиля Жаманбаева жана Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Шухрат Айтиевдин жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

«Бул оор жоготуу. Шухрат Айтиев боорукер жана ак көңүл адам катары эсибизде. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

39 жашында кайтыш болгон Шухрат Айтиевдин артында жубайы, эки уул жана эки кызы калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>