Камчыбек Ташиев Жаңы жыл алдында кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Камчыбек Ташиев Жаңы жыл алдында кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жаңы жылдын алдында “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Урматтуу мекендештер! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктоо алдында азыноолак бир маселеге токтоло кетүүнү туура көрүп турам.

Ошентип, 2024-жыл дагы кирип келди. Биз көзүбүздү ачып-жумганча, билинбей эле кызматка келгенибизге 3 жылдан ашып кетиптир. Ушул үч жыл аралыгында президентибиз түзгөн команда кандай гана кыйынчылыктарды башыбыздан өткөзгөн жокпуз. Өтө көп тоскоолдуктарды жеңдик. Анын ичинде мен жетектеген УКМК дагы бир топ оор иштерди аягына чыгардык. Айрыкча коррупция менен криминалга каршы күрөштө өзүңүздөр билесиздер, башыбызды тобокелчиликке сайдык. Бийлик менен кримчөйрө чырмалышып кетиптир, ошол себептнн батыл чечимдерди кабыл алууга аргасыз болдук. Ансыз мамлекетти оңдоо мүмкүн эмес болчу. Жыйынтыгы баарыңыздарга маалым.

Дүйнө жүзүндө канча мамлекет болсо, алардын баарында коррупция бар экендиги маалым. Айырмасы, ошол коррупциянын деңгээлинде гана. Кээ бир мамлекеттерде жемкорлук жокко эсе болсо, айрым өлкөлөрдө уюшкан коррупция бар. Демек, жемкорлук эч качан токтобойт. Андыктан, мен дагы бир жолу баса белгилеп айта кетүүм керек – коррупцияга каршы күрөш тынымсыз улантылат”, — дейт Ташиев.

Ошондой эле ал  уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш дээрлик аяктап калганын билдирди.

“Ал эми уюшкан криминалдык топту жок кылуу боюнча биздин ишибиз аягына чыгып калдык десем жанылышпаймын. Мындан ары Кыргызстанда уюшкан криминалдык топ, “мыйзамдагы ууру”, “смотрящий”, “положенец” деген түшүнүктөр болбойт. Кыргызстанда инвесторлор, бизнесмендер жана жөнөкөй калк үчүн бейиштин төрүндөй шарттар түзүлөт.

Мен ушул жерден үч жыл мурдагы тарыхый окуяга токтоло кетейин. Биз бийликке келер замат президентибиз баарыбызды чогултуп, мен жана ИИМ министри Уланбек Ниязбеков аркылуу “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевге: “мындан ары инвесторлоду, бизнесмендерди, базарларда отурган карапайым калкты тоногонду токтотсун. Бирөөнүн мүлкүн тартып алуудан алыс болсун. Тартип сакталсын, мамлекеттик мыйзамдар менен жашасын” деген эскертүү берген. Ууру Көлбаев: “Жарайт, мамлекеттин мыйзамдары менен жашайм, тартиптүү болом” деп айткан, бирок баягы эле көнгөн адатын уланта берди. Жыйынтыгында бир топ жарандарыбыздын мүлктөрүн тартып алганы, керек болсо мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктеп, кээ бирлерине үлүшкө отуруп алганы, чет өлкөлүк инвесторлордон ири суммадагы үлүш алып жүргөндүгү, ири ишканалардан ай сайын “отметка” алып тургандыгы аныкталды. Анан кантип биздин мамлекет өнүгөт эле? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кайсы гана өлкө болбосун, аны өнүктүрүүнүн негизги багыты — чет өлкөдөн келген инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү. А бизде тескерисинче болуп келген. Анын кесепетинен 30 жылдан бери өлкөбүз артка кетип жүрдү. Эми мындан ары инвесторлор жана жергиликтүү бизнесмендер үчүн Кыргызстан — бейиштин төрү болот! Келгиле, кенен-кесир бизнесиңерди кыла бергиле. Мындан ары бизнесмендер мамлекет тараптан корголот! Мен ага кепилдик берем”, — деди ал.

Ал мурдагы президенттердин көбү криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин айтып, сөз аягында кыргызстандыктарды келе Жаңы жылы менен куттуктады.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Ушунун баарына өлкө башчыбыздын эрки болбогондо, менин жалгыз күчүм жетпейт эле. Мурдагы башчылардын аттарын атабай эле коеюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячыл саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар. Эми мунун баары артта калды. Ошондуктан, келиңиздер, жамандыктын баарын эски жылга таштап, Жаңы жылга жалаң жакшылыктар менен кирели. Жаңы жыл сүйүктүү Кыргызстаныбыз үчүн жакшы жылдардан болсун деп Кудайдан тилейли. Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктар кирип, жакшы жетишкендиктер болуусун тилейм! Кыргызстаныбыз тынч болсун! Жаны жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>