Акылбек Жамангулов: MegaCom — бир жарым жыл ичинде аткарылган масштабдык иштер

Акылбек Жамангулов: MegaCom — бир жарым жыл ичинде аткарылган масштабдык иштер

2018-жылдын аягына чейин MegaCom компаниясынын 4G байланышы менен Кыргыз Республикасынын 50 пайыздан көбүрөөк аймагы камсыз болду. Акыркы бир жарым жыл аралыгында «Альфа Телеком» ЖАКы бул көрсөткүчтү 90 пайызга чейин жогорулата алды. MegaCom уюлдук оператору кыска мөөнөттүн ичинде түйүндү оптималдаштырып жана тармагын кеңейте алгандыгы тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов интервьюда айтып берди.

— Акылбек Жекшенович, MegaCom компаниясы түйүндүн техникалык көрсөткүчүн олуттуу өнүктүрө алышына эмне түрткү болду?

— Буга эң алгач өлкө жетекчилигинин колдоосу себеп болду. Эгер буга чейин «Альфа Телеком» ЖАКы тарабынан өндүрүлгөн каражаттын баары өлкөнүн бюджетине жумшалып келген болсо, 2019-жылдан баштап MegaCom’дун техникалык базасын модернизациялоого инвестиция бөлүү мүмкүнчүлүгүн беришти. Бул компанияны өнүктүрүү стратегиясынын негизги идеясы болуп калды.

Биз 4G түйүнүн кеңейтүүгө басым жасадык. Жыйынтыгында бир жарым жыл ичинде компания төртүнчү муундагы түйүн менен жабдылган аймагын 90 пайызга чейин кеңейте алды. Ошондой эле 3G түйүнүнүн аймагын дагы жогорулаттык. Ири инвестициялар базалык станциялардын санынын 31 пайызга чейин жогорулашын шарттады, муну менен 4G станцияларынын саны 113 пайызды түздү. Жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик санариптештирүүгө заманбап инфраструктура түзүп, техникалык өсүү планын 112 пайызга ашыгы менен аткара алдык. Бул үчүн мен өзгөчө ыраазычылыкты компаниянын техникалык адистерине, монтаждоо тобуна, бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана жалпы коллективге билдиргим келет.

— Бүгүнкү күндө жабдыктарды модернизациялоонун үстүнөн канча бригада иштеп жатат?

— 2018-жылдын декабрынан тартып биздин монтажчыларга канчалык оор шартта иштөөгө туура келип жатканын түшүнүп турсак да, аткарылган иштердин көлөмүн квартал сайын көбөйтүүгө аракет жасадык. Алар ысык-суукка карабай, деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан алыскы аймактарда, кол жеткис локацияларда, жабдыктарды орнотуп, өлкөнүн бардык өрөөндөрүндө эрдик менен эмгектенип жатышат. Ишке тартылган адистердин саны 3 монтаждык бригададан 20га чейин ири эсепте өстү.

Инвестициясыз компаниянын түйүнүнүн техникалык жактан өнүгүшү мындай эбегейсиз өсүүгө жетмек эмес. Уюлдук байланыш жана жогору ылдамдыктагы интернетке болгон талап өсүүдө, маалыматтарды өткөрүү трафиги өсүп жатат, дээрлик ар бир кырзстандык бүгүнкү күндө байланыштын кызматынан пайдаланууда.

Мындан тышкары учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда бийиктиктен антенна-мачталык түзүлүштөрдү монтаждап иштөөчү квалификациялуу адистердин жетишсиздиги байкалууда. Андыктан MegaCom ички кадрларды даярдоону күчтөдү. Эми биз сыймыктануу менен өлкө боюнча биздин компанияда телеком-жабдыктарын монтаждоочу мыкты адистер иштейт деп айта алабыз.

— MegaCom санариптештирүү программаларына активдүү катышары белгилүү…

— «Альфа Телеком» ЖАКы мамлекеттин санариптештирүү тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири, анын ичине «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну да санап кетсек болот. Ошондой эле MegaCom «Санариптик мектеп» программасын ишке ашырууга катышып жатат. Биздин орто билим берүүчү мекемелерибиз санариптик экономика таштаган чакырыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен жооп берерине ишенебиз.

Келечекте биз медициналык мекемелерди, айыл чарба тармагы, жана башка тармактарды санариптик стандартка өткөрүү боюнча көптөгөн жолдорду иштеп чыгып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

— Өнүгүү үчүн компания жакынкы күндөргө эмнелерди пландап жатат?

— Техникалык планда чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөр бар, ошондуктан MegaCom кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен алардын үстүнөн дагы көп эмгек жумшап иштемекчи.

Компания жаңы маалымат өткөрүүчү жабдыктарды орнотуу жана жаңы базалык станцияларды куруу иштерин улантууда. Биз интернет-трафикти Өзбекстан, Тажикстанга жана акырындык менен КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан тышкары да экспорттоо үчүн транзиттик байланыш оператору болууну пландап жатабыз.

Биз жетишкен ийгиликтер менен эле токтоп калбастан алдыга умтулуп, инновациялык тарифтерди жана кызматтарды киргизип, техникалык инфраструктураны, сатуу жана тейлөө түйүндөрүн кеңейтүүнү уланта бермекчибиз. Ошондой эле биз байланыш-индустриясындагы дүйнөлүк бренддер менен өнөктөштүктө иштөөнүн үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Республиканын салык төлөөчүлөрүнүн алдыңкы ири бешилтигинин бири болгон «Альфа Телеком» ЖАКнын потенциалы чоң жана аны биздин абоненттердин пайдасына колдонушубуз керек. Кыргызстандыктардын жашоосу максималдуу ыңгайлуу болушу үчүн алардын ар бирине оперативдүү жана ишенимдүү санариптик өнөктөш болууга бардык күч аракетибизди жумшайбыз.

[su_image_carousel source=»media: 36990,36991,36992″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>