Акылбек Жапаров Алматыда Михаил Мишустин менен жолугушту

Акылбек Жапаров Алматыда Михаил Мишустин менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан) жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Сиз менен дагы жолугуп, кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычтамын. Оболу, жакында Москвага болгон иш сапарымда мен тарабынан айтылган кыргыз тараптын маанилүү сунуштарына кызыгууңуз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча «сааттарга сары эсеп салууга» кошумча мүмкүнчүлүк берет деп ишенем»,- деди Акылбек Жапаров.

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз кезегинде россиялык тарап Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин, ал ар дайым өз ара урматтоо, жакшы коңшулаштык жана ар биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделгенин белгиледи.

«Орус-кыргыз өз ара аракеттенүүсү жана соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканы маанилүү. Бизде кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, транспорт, туризм жана тоо-кен өнөр жай тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>