Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Таласта жаңы мектеп ачылды
01.02.2024 | 19:33
Талас районунун Көк-Токой айылында 275 орундуу жаңы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, билим ордосунун ачылыш салтанатына Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурдан Дарданов, коомчулук өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, Талас районунун Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинин эски имараты өткөн кылымдын башында курулган.
Эскилиги жетип, авариялык абалда болгон. Эми окуучулар 275 орундуу заманбап жаңы мектепте билим алышат. Мектепте порт зал, ашкана жана башка керектүү шарттар түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар