Акылбек Жапаров бийликти колдогон парламенттик фракцияны атады  

Акылбек Жапаров бийликти колдогон парламенттик фракцияны атады  

Президенттин жүргүзүп жаткан саясатын жана өкмөттүн саясатын колдогон фракция деп атайын келип жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кенештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Кыздын кыялы төркүнүнө маалым дегендей, силер биздин жакшы да, жаман жагыбызды дагы билесиздер. Биз бул жакта жооп бере тургандай, тергөөчүлөрдүн алдына келген жокпуз. Көйгөйлөр эмне үчүн болуп жатканын айтып берүүгө даярбыз. Силер бекитип берген программаны кантип аткарып жатабыз, кантип алдыга жылып жатабыз, ошону айталы деп келдик”, — деди Акылбек Жапаров.

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынынын күн тартибинде эки маселе каралууда. Жыйынга Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>