Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен кандай маселелерди талкуулады?

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен кандай маселелерди талкуулады?

Бишкек шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, кол коюлган документке ылайык, тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргызстандын жана Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын артыкчылыктуу тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүүнү тапшырды.

Тараптар «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) жана «Карасу» (Казакстан Республикасы) автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана аталган аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтык алкагында тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Ошондой эле кеңештин кезектеги 11-отурумун 2023-жылы Казакстанда өткөрүү макулдашылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>