«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

05.10.2026 | 11:52
«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 5-октябрда, «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Баш байгени Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Мерует Бакирова жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Ошондой эле жылдын эң мыкты предметтик мугалимдери аныкталды. Сынактын жыйынтыгында төмөнкү мугалимдер жеңүүчү аталышты:

  • Башталгыч класстар: Сүйүмкан Мийзамова (Ош облусу, Кара-Кулжа району, Б. Бегиев атындагы мектеп);
  • Кыргыз тили жана адабияты: Бермет Алекова (Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ү. Калиев атындагы мектеп);
  • Орус тили жана адабияты: Миргүл Кадырова (Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, М. Мамакеев атындагы мектеп);
  • Математика: Нурия Орузбаева (Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Т. Сатылганов атындагы жатак-мектеп);
  • Тарых: Зарина Абдрахманова (Чүй облусу, Сокулук району, А. Жакшылыков атындагы мектеп);
  • «Адам жана коом» предмети: Гүлзат Борончу кызы (Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, М. Тынаев атындагы мектеп);
  • Чет тили: Айжан Гафарова (Ош шаары, № 27 партсъезд атындагы мектеп);
  • Физика жана астрономия: Азамат Джаманкулов (Чүй облусу, Москва району, № 3 Беловодск мектеби);
  • Информатика: Калбүкан Турарова (Нарын облусу, Жумгал району, О. Ногойбаев атындагы мектеп);
  • География: Эльвира Мамбетказиева (Нарын шаары, № 4 Э. Ибраев атындагы мектеп);
  • «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети: Айсулуу Эшимбек кызы (Нарын облусу, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы мектеп);
  • Музыка: Абдурасул Сандыбаев (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Ю. Гагарин атындагы мектеп);
  • Көркөм-сүрөт искусствосу: Алтынай Көчөрбаева (Чүй облусу, Кемин району, Б. Солтоноев атындагы мектеп);
  • Аскерге чейинки даярдык: Ашимжан Кебеков (Ош шаары, № 35 Ж. Атабаев атындагы мектеп).
Scroll to Top