Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушууга катышты

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушууга катышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушту.

Жолугушууга үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы маселесин кеңири талкуулады.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына үстүбүздөгү жылы Биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

Белгилесек, быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>