Акылбек Жапаров Камчы Көлбаев менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын, — Ташиев

Акылбек Жапаров Камчы Көлбаев менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын, — Ташиев

Эгер Акылбек Жапаров кримтөбөл Камчы Көлбаев же уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ал социалдык тармактарга тараган видео боюнча айтып жатып, Акылбек Жапаров беш жыл мурун Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна барганын, акыркы үчжылдан бери алардын байланышы болбогонун айтты.

«Камчы Көлбаев менен мен деле жолуккам. Биз бийликке келгенде Көлбаевге жана Матраимовго  мыйзамды бузбагыла, ушуга чейин тапкан акчаңарды элдин жыргалчылыгына жумшагыла деп айтканбыз. Бирок, алар акыркы бир жылдан бери элди тоноп, мамлекетке зыян келтире башташты. Тил алышкан жок, биз аларды жазаладык», — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал Акылбек Жапаров тууралуу айтып жатып, эгер ал Камчы Көлбаев же уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болуп, кандайдыр бир операцияларды жасаган болсо, аны жоопко тартууга даяр экенин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Акылбек Жапаровдун мындан бир нече жыл мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын 70 жылдык мааракесине катышканы тартылган видео боюнча комментарий берип, Жапаров тойго кошунасы катары чакырылганын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>