Ташиев Көлбаевдин үй-бүлөсүнө кайсы мүлктөрү калганын айтты

Ташиев Көлбаевдин үй-бүлөсүнө кайсы мүлктөрү калганын айтты

Биз уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн тууган-уруктарына, аялдарына, балдарына тийбейбиз, эгер алар мыйзамды бузбуса. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда Кайыңды шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Көлбаевдин миллиарддаган мүлкү мамлекетке алынды.

«Аялы (ред.Камчы Көлбаевдин) ресторанын, унаасын сурады, бөлүп бердик. Үч кызына үч батирин, эки баласына эки батирин, жер тилкесин бердик. Алар таза эмгеги менен жашашсын. Бирок, бирөөдөн тартып алган миллиарддаган мүлктөрү мамлекетке алынды. Бир эле комплекстен ага таандык 70ке жакын батирлер болгон. Алардын баардыгы жөнөкөй жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет», — деди Камчы Ташиев.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Кримтөбөлдүн өлүмүнөн кийин УКМК аны менен байланышы болгон деп бир топ адамды кармаган. Алардын арасында спортчу, ишкерлер да бар.

Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды, — УКМК

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>