Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү
12.07.2022 | 10:13
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн расмий сайты маалымдады.
Маалыматка караганда, өкмөт башчылары соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мишустин менен Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом