Камчы Көлбаевдин 115 гектар жери дагы мамлекетке өттү

Камчы Көлбаевдин 115 гектар жери дагы мамлекетке өттү

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Ысык-Көл облусундагы 115 гектар жери мамлекеттин карамагына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жер “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү” борборуна тиешелүү болгону айтылат.

Аны Н.Р.Р. аттуу жаран колдонуп, Григорьевский айыл аймагында 80 гектар жана Семеновский айыл аймагында 35 гектар жер тилкесине тоют өстүрүп келген. Ал Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Белгилей кетсек, УКМК кылмыш жолу менен табылган мүлктөрдү мамлекеттик карамагына өткөрүүнү улантууда. Камчыбек Ташиев кримтөбөлдүн конфискациялаган мүлкүн  1 миллиард 200 миллион долларга бааланган.

Алардын катарында төмөнкүлөр бар:

  • 500 миң доллардык асыл тукум жылкылары;
  • зооттолгон унаалары;
  • ири компаниялардагы финансалык активдери.

Көлбаевдин ири компаниялардагы үлүшү мамлекетке алынууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>