Жапаров Таластын эки акимине сөгүш жарыялап, облус башчысын иштен алмакчы

Жапаров Таластын эки акимине сөгүш жарыялап, облус башчысын иштен алмакчы

Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановду ээлеген кызматынан бошотуу сунушу өлкө башчысына жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин коллегиясынын отурумунда Акылбек Жапаров билдирди.

Ал милдетин начар аткарып, аймакта координациялоо иштерин жүргүзбөй, уюштурууда дагы кемчиликтерге жол берген.

Анын биринчи орун басары Талантбек Эдиловго сөгүш жарыяланып, облустук администрциянын аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушев ордунан бошотулат.

Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров жана Таластын акими Нургазы Нармырзаев дагы сөгүш алышты.

Акылбек Жапаров бүгүнкү коллегияда кабыл алынган чечимдер башкаларга катуу сабак болушу керектигин билдирди.

“Биз мындай текшерүүлөрдү ар бир облуста жүргүзөбүз. Ошондуктан азыртадан баарын иреттеп, орду-ордуна коюңуздар. Жарыядан уктуңар, менин орун басарларым дагы бир жолу бүт өлкөнү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин да чоң чечимдерди кабыл алабыз. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, учурда республика боюнча 1426 адам бардык текшерүүдөн өтүп, резервде турат, мунун ичинен муниципалдык кызматка 1277 адам резервге кирген. Ал эми Талас облусу боюнча 96 адам жетекчилик кызматтар үчүн резервде даяр турат. Кадр маселеси жылдан жылга күчөтүлөт”, — деди Минкаб башчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>