Садыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпар өз-өзүнчө уюштурулат
29.05.2026 | 14:43

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплина катары уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Буга чейин маданият министри Мирбек Мамбеталиев көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпардын эрежелерин бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок так чечим чыга электигин билдирген.
Эске сала кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи Бишкектеги жаңы «Бишкек арена» стадионунда өтөт. Ал эми спорттук оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.
Теги: көчмөндөр оюндары