ЕАЭБ лидерлери Арменияда референдум өткөрүүнү колдоп чыгышты — кененирээк

Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери Арменияда Европа Биримдигине кирүү же Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курамында калуу маселеси боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүүнү колдошту.
Александр Лукашенконун, Касым-Жомарт Токаевдин, Садыр Жапаровдун жана Владимир Путиндин биргелешкен билдирүүсү Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жарыяланды.
«Армения Республикасында Европа Биримдигине кирүү же мындан ары Евразия экономикалык биримдигинин курамында калуу боюнча жалпы улуттук референдумду мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде өткөрүү зарылдыгы тууралуу позицияны бөлүшөбүз», — деп айтылат документте.
Билдирүүгө ылайык, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын Евразия өкмөттөр аралык кеңешиндеги мүчөлөрү 2026-жылдын декабрында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынында Арменияга карата ЕАЭБ жөнүндө келишимдин колдонулушун токтотуунун мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баяндама сунушташат.
Документте ошондой эле Армениянын Европа Биримдигине кирүүгө даярдыгы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык коопсуздугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келери белгиленген.
Билдирүү 29-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынды. Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчылары жана ардактуу коноктор катышты.