Кыргызстандын кайсы облусунда күнөсканалар эң көп? 2026-жылдын статистикасы

2026-жылга карата Кыргызстанда жалпы аянты 298,1 гектарды түзгөн 1831 күнөскана чарбасы иштеп жатат. КР Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тармактын өнүгүшү өлкөнүн түштүк аймактарында өндүрүштүк кубаттуулуктардын олуттуу топтолушу менен мүнөздөлөт. Аталган аймактар объекттердин саны боюнча лидер бойдон калууда.
Абсолюттук биринчиликти Жалал-Абад облусу кармап турат — бул жерде 805 чарба топтолгон. Экинчи орунга 390 күнөсканасы менен Ош облусу жайгашты. Чүй облусунда 311 ишкана иштейт, бирок бул аймак эң ири жана технологиялык жактан жабдылган комплекстердин бар экендиги менен айырмаланат. Тизмени Нарын (40) жана Талас (17) облустары жыйынтыктайт.
Тармактын башкы көйгөйү жылытуу ыкмасы бойдон калууда: суук мезгилде чарбалардын 85%ы көмүр колдонууга мажбур. Жаратылыш газынын үлүшү болгону 6%ды, ал эми электр энергиясыныкы — 8%ды түзөт. Бул туташтыруунун (линия тартуунун) кымбаттыгына жана инфратүзүмдүн жоктугуна байланыштуу. Адистердин белгилөөсү боюнча, аймактарда заманбап экологиялык стандарттарга өтүү азырынча жай ыргакта жүрүүдө.