ЖЕЭК соода жана интеграция боюнча чечимдердин топтомун бекитти

Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду, деп билдирди Кыргызстандын Президентинин басма сөз кызматы.
Атап айтканда, тараптар Тунис менен эркин соода тууралуу келишим түзүү боюнча, ошондой эле Сербия менен эркин соода аймагы тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алышты.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо жана үрөнчүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарын унификациялоого, ошондой эле агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылоого тиешелүү документтер бекитилди.
Жыйындын катышуучулары ошондой эле жалпы электр энергия рыногун түзүүгө, табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салууга, кызмат көрсөтүүнүн айрым секторлорун либерализациялоо пландарын ишке ашырууга жана Евразия экономикалык бирлигинин бюджетине байланыштуу чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Айрым чечимдер 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдорго кол коюуга, анын ичинде ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү маселелерине тиешелүү.
Ошондой эле Бажы бирлигинин жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысын жана ордун аныкташты.