Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Өзбекстандан келе жаткан 21 тонна дарбыз кайра артка жөнөтүлдү
29.05.2026 | 10:10

Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан 21 тонна дарбыз өлкөгө киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-майда «Достук» өткөрмө пунктунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлүп, жогоруда аталган жүк текшерилген. Анын жыйынтыгында продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган.
Мекеме бул ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналарын билдирди. Натыйжада жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, дарбыздар Өзбекстанга кайра кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги, Өзбекстан