Акын Болот Назаров бир айга камалды

Акын Болот Назаров бир айга камалды

Москва райондук сотунун судьясы Атабек Сулайманов Болот Назаровду СИЗО-1ге бир айга камоо чечимин кабыл алды. Бул туурасында анын жактоочусу Бакыт Автандил Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ошондой эле ал сот аны мыйзамсыз бир ай камаганын билдирди.

«Бирок камоого мыйзамдуу негиздер болгон эмес. Айыптын оордугу камакка алуу үчүн негиз боло албайт.

Назаров- белгилүү төкмө акын, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу, анын үстүнө арыз ээси сотко өзү келип, судьядан аны темир тор артына отургузбоону суранган, Назаровго кетпөө жөнүндө жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоого бул сот үчүн жетиштүү болгон.

Белгилей кетсек, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөчө учурларда, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган башка жеңил чараны колдонуу мүмкүн болбогондо колдонулат»-деди адвокат.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 7-ноябрь күнү Москва РИИБге Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган.

Арызында 7-ноябрь күнү Москва районунун Чоң-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Москва РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.  9-ноябрь күнү Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. (ред: Болот Назаров) аттуу жаран экендиги такталып, ал ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган.  Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.

Буга чейин акын жана публицист Олжобай Шакир төкмө акын Болотбек Назаров үч күндөн бери дайынсыз экенин билдирген.

Эске салсак, Назаров 2022-жылдын  22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.

ИИМ маалымдагандай, КР Жазык кодексинин 283 («Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») жана 287-беренелерине («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын») ылайык кылмыш иши козголгон.

Болот Назаров 23-январда үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>