Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Түркиянын Бурса шаарында өрттөн сегиз бала каза болду
09.11.2022 | 22:40
Түркиянын түндүк-батышындагы Бурса шаарында шейшемби күнү кечинде батирде чыккан өрттөн 9 сириялык, анын ичинде бир жаштан он эки жашка чейинки сегиз бала каза болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн келип чыгышына газ плита менен иштөөдө коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон. Өрт өчүрүлгөндөн кийин батирден аялдын, анын алты баласы жана эки жээнинин сөөгү табылган.
Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, каза болгон балдардын атасы жана үч кошунасы ооруканага жаткырылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар