Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Акыркы суткада 27 медкызматкер коронавирус жуктурган
28.05.2020 | 10:19
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Илдетти жуктуруп алган медкызматкерлер: Бишкек ш. – 5, Ош шаарында – 15, Нарын облусунда – 7. Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом