Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Акыркы суткада илдет 74 адамдан аныкталды, бир адам каза болду
29.01.2021 | 12:39
Акыркы суткада илдет 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 53, Ош – 1, Чүй облусу – 11, Ош облусу – 5, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 0, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 0.
Өлкө аймагында өткөн жылдын март айынан бери жалпы 84 миң 377 кишиге коронавирус жукту, анын 80 миң 643ү сакайды.
Соңку суткада бир адам илдеттен каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда 1 миң 409 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом