Дүйнө чемпиону болгон балбандар мекенине келишти — видео

Дүйнө чемпиону болгон балбандар мекенине келишти — видео

Бүгүн, 15-сентябрда Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келишти.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы жана машыктыруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Ошондой эле дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от @reporter.kyrgyz

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>