Казакстанда буудай менен унду сатууга коюлган чектөөлөр алынды

Казакстанда буудай менен унду сатууга коюлган чектөөлөр алынды

Казакстанда буудай менен унду экспорттоого коюлган чектөөлөр алынганын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, 2022-жылдын 14-сентябрынан тарта Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги дан жана унду экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салды. Тиешелүү буйрукка Айыл чарба министрлигинин башчысы Ербол Карашукеев кол койду. Ошентип казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү буудай менен унду чектөөсүз чет өлкөгө сата алышат.

Буга чейин Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында буудай жана унду экспорттоого квота киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок дүйнөлүк рынокто кырдаал турукташып, Казакстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү боюнча оң прогноздор болгондон кийин, квотаны жокко чыгаруу чечими кабыл алынган.

Кыргызстан да Казакстандан буудай менен ун сатып алат.  Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыздай албайт. Коңшу мамлекеттин продукциясына көз каранды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>